7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкек шаарында субарендага олтурган парктар текшерүүгө алынат

712

Бишкек шаардык прокуратурасы Панфилов паркында ижарага берилген тилкелер боюнча материалдарды Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттап, сотко чейинки териштирүү жүргүзүү үчүн шаардык милицияга жөнөттү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын «Шаардагы парктар» ишканасынын директору Калича Умуралиева билдирди.

Маалыматка ылайык, Иван Панфилов атындагы парктын жерлери 2008-жылы жеке компанияга ижарага берилген, ошондон бери ал рекреациялык милдетин аткарбай, акчасы шаардын бюджетине түшпөй келет:

Панфилов паркын карасаңыз, өзүнчө эле коммерциялык ишкана болуп калды. 38 аттракцион. Бир жылга 5 миллионго ижарага алышкан экен, аны субарендага берип, ортодон акча жасап жатышат. Ал акча бюджетке түшүп, парктардын деңгээлин жогорулатып, өнүктүрүшү керек”- дейт Умуралиева.

Асанбай кичи районундагы Бишкектин 125 жылдыгына арналган парк боюнча да териштирүү жүрүп жатканы белгилүү болду.

Бишкек шаарында жалпысынан 11 парк бар, алардын бир нечеси соңку жылдары ачылды. 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

713