14-август Россиянын Москва шаарында көп кабаттуу үйдүн алдындагы олтургучка ташталган наристе табылгандыгы боюнча маалымат таркаган. Бүгүн, 16-август Москва прокуратурасы, аталган наристенин энеси 26 жаштагы Кыргызстандык кыз экендигин жарыялады.
Маалыматка ылайык, наристенин төрөлгөнүнө 2,3 күн гана болгон, уул бала. Текшерүү үчүн ооруканага жеткирилгени, ден соолугунун абалы жакшы экени айтылат.
Москванын тергөө комитети бул окуяны тергеп баштаган. Бул факт боюнча 26 жаштагы кыргыз кыз кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Алгачкы суракта наристени анын уулу экендигин моюндаган.