7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мэрдин жансыз денеси табылды. Президент ыкчам чара көрүүнү буйруду

1936

Волное айылында  Кривой Рог шаарынын мэри Константин Павловдун жансыз денеси табылды. Бул тууралуу облус башчысы Валентин Резниченко билдирди.

«Ооба, чын … Бирок анын киши колдуу болгону  же өзүн өзү өлтүргөнү азырынча белгисиз. Окуя болгон жерге тергөөчүлөрдүн ыкчам тобу жөнөп кетти», — деген ал. Буга чейин орусиялык маалымат булактары ​​Павловдун сөөгү үйүнүн верандасынан табылганын, жана анын жанында тапанча болгонун жазышкан.

Ал эми Украинанын президенти Владимир Зеленский Кривой Рог шаарынын мэри Константин Павловдун дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтты.

«Суук  кабар — Кривой Рог шаарынын мэри Константин Павлов тапанчанын огунан каза болду. Жакындарына чын жүрөктөн көңүл айтам. Жакында баардык укук коргоо органдарынын башчыларын чогултуп, алардын докладдарын угам”, -деп жазган Зеленский Твиттерде.

Константин Павлов Кривой Рогду 2020 -жылдын декабрынан бери жетектеп, “Жашоо үчүн-оппозициялык платформа”  партиясынан шайлоодо жеңип чыккан. Ага чейин эки чакырылышта  депутат  болуп иштеген.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1937