Кечээ, 15-августта «Талибан» кыймылынын аскерлери Кабулду басып киришти. Бул тууралууу чет элдик басылмалар байма-бай кабарлашууда.
Ал эми Талибдер Афганистандын бардык аймагына көзөмөл орнотушканын жарыялашкан.
Афганистандын президенти Гани отставкага кетип, ал тургай өлкөдөн чыгып кеткени айтылууда. Өлкөнүн башкармалыгы атайын кеңештин көзөмөлүнө өттү. Учурда бийликти кыймылга өткөрүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Ошол эле учурда, жергиликтүү тургундар Кабулдан кетүүгө шашып, банкоматтарда кезекке тургандардын аягы жок. ИИМдин милдетин аткаруучу Абдул Саттар Мирзаквалдын айтымында, Кабулда бардык коопсуздук чаралары көрүлгөн жана дүрбөлөңгө түшүүнүн эч кажети жок.
«Биз Талибдер менен бийлик бир бүтүмгө келип чечишип, бизди мурунку жай турмушубузга кайтарат деп үмүттөнөбүз. Күнүгө жакындарыбызды жоготуп жатабыз, деги бул качан токтойт? Эки тарап бири-биринин талаптарын кабыл алсын», — дейт тургундардын бири.
Талибдер өлкөнүн 75%ын ээлеп алышты. Ал эми АКШнын президенти Жо Байден 11-сентябрда Афганистандан аскерлерин толук алып чыгып кетет.