7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкек шаарындагы айрым кичи автобустардын айдоочулары ишке чыккан жок

325

Бүгүн, 18-январда Бишкек шаарындагы айрым кичи автобустардын айдоочулары ишке чыккан жок. Мэриянын маалыматына караганда, эртең мененки саат 07:30га карата маршруткалардын 45 пайызы жумушка чыкты.Мэрия бардык коомдук транспорт штаттык режимде ишин улантарын айтууда.Шаар мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев айдоочулар менен жолугушуп, жол кире акысын көтөрүү май айынча чейин чечилерин билдирди. Ал эгер маршруткалар ишке чыкпаса, линияга башка транспортту чыгарууга аргасыз болорун да эскертти.Ошондой эле мэрия айдоочулардын көйгөйүн жакшы түшүнөрүн, алар да өлкөдөгү кырдаалды эске алышы керектигин, бардык маселе өз эрежеси менен чечилиши зарылдыгын айтты.

12-январда Бишкек шаардык кеңеши, мэрия жана шаардык кызматтардын өкүлдөрү жеке менчик ташып жеткирүүчү компаниялардын жетекчилери менен жолугуп, анда жол кирени көтөрүү маселеси козголгон.Маршрутка айдоочулары күйүүчү май, тетиктер кымбаттаганына байланыштуу жол кире акысын 15 сомго жогорулатууну суранышкан.Мэрия маршрутка айдоочуларынын койгон талаптарын караган жумушчу топ түзгөнүн, бул маселе акырындык менен чечилерин билдирген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

326