Элдик курултайга делегаттарды шайлоо үчүн Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын курултайы ушул жылдын 10-октябрында Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтөт. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңешинин “Элдик курултайды чакыруу жөнүндө” токтомунун долбоорунда айтылат.
Токтомдун долбооруна ылайык, курултайда Бишкек шаарынын мэринин 2022-жылдын 1-жарым жылдыгы үчүн отчету, КР Элдик курултайына делегаттарды шайлоо жөнүндө эки маселе каралат.
Бишкек курултайына 500 делегат чакыруу пландалууда.
Эскерте кетсек, өлкө башчы Садыр Жапаров “Элдик курултайды чакыруу жөнүндө” жарлыкка кол койгон.