7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2022
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
2627282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
Бишкек, KG
18°C

Жоокерлердин өлүмүнө байланыштуу бардык аскер бөлүктөрү текшерилет

333

Кыргызстанда жоокерлердин өлүмүнө байланыштуу бардык аскер бөлүктөрүндө жалпы текшерүүлөр жүргүзүлүп баштайт. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, ведомствонун башчысы Атыр Абдрахматова аскер кызматын өтөөдө адам укуктарынын сакталышы боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ түзүү демилгесин көтөргөн.

Буга аскер кызматын өтөп жаткан учурда аскер кызматкерлеринин өлүмү, алардын сабалышы жана белгисиз себептерден улам нейропсихиатриялык борборлорго жатышы себеп болгон.

Жумушчу топко төмөндөгүдөй милдеттер коюлду:

1. Аскер кызматкерлеринин укуктарынын сакталышына талдоо жүргүзүү, акыркы 5 жылда жоокерлердин өлүмү, өз жанын кыюу, сабалышы боюнча фактыларды чогултуу;

2. Аскер бөлүктөрүнө барып, жеринде мониторинг жүргузүү, аскер кызматкерлердин ата-энелери менен жолугууу жана сурамжылоо жүргүзүү;

3. Аскерлердин өзун-өзү өлтүрүүсунүн себебин аныктоо. “Дедовщина” түшүнүгүн алдын алуу боюнча сунуштарды даярдоо;

4. Улуттук жана эл аралык мыйзамдарды, аларды практикалык колдонууну изилдөө жана бул маселе боюнча биздин укуктук нормаларды өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу.

“2022-жылы 5-сентябрдан тартып жумушчу топ өлкө боюнча аскер бөлүктөрүнө мониторинг жүргүзүүнү баштайт. Мониторингд жүргүзүүнүн максаты — аскер кызматкерлеринин укуктарынын сакталышын талдоо үчүн маалыматтарды чогултуу, жеринде аскер кызматкерлери, ошондой эле аскер бөлүктөрүнүн жетекчилиги менен жолугушууларды өткөрүү”, — деп айтылат маалыматта.

Мониторингдердин жыйынтыгында тиешелүү сунуштары менен атайын доклад даярдалып, ал Жогорку Кеңешке жөнөтүлөт.

Эскерте кетсек, жумушчу топтун курамына Акыйкатчы институтунун, Башкы прокуратуранын, Саламаттыкты сактоо министрлигинин жана Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун кызматкерлери, ошондой эле Аскер кызматкерлеринин энелеринин республикалык комитетинин, «Кыйноолорго каршы коалиция», «Кылым шамы» коомдук фондунун жана “Жарандык союз” коомдук бирикмелеринин өкүлдөрү кирди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.

334