7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкек шаарынын мэриясынын имаратында 16 күн бою кызгылт сары түстө жарык күйүп турат

310

Бүгүн, 26-ноябрда, Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) демилгеси менен дүйнө жүзүндө кыздарга жана аялдарга карата зомбулуктун алдын алууга жана жок кылууга чакырган гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк өнөктүк башталды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.


<<Борбор калаанын мэриясы четте турбады, тилектештиктин белгиси катары биз бардык жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу акциясына кошулабыз. Кантсе дагы, зордук-зомбулук жок, коопсуз шаарда жашашыбыз керек>>, деп айтылат билдирүүдө.

Акциянын алкагында 16 күн бою борбор калаанын мэриясынын имаратында кызгылт сары түстө жарык күйүп турары кабарланды.
Аялдарга карата зомбулуктун бардык түрүн токтотуу өнөктүгү 10-декабрь — Эл аралык Адам укуктары күнүнө чейин уланат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

311