Бишкек шаарында Бапиева Албина Бакытбековна дайынсыз жоголду. Ал 2003-жылы төрөлгөн, деп билдирди Октябрь РИИБдин басма сөз кызматы.
Милиция кызматкерлерине 8-апрелде кечинде шаардын жашоочулары кайрылган. Алардын айтымында, Албина 7-кичи райондогу үйүнөн чыккан бойдон дареги белгисиз болуп жатат.
Анын бою 165 см чамалуу, арык, чачы күрөң. Кызыл куртка, жинсы (клёш) шым, кара бут кийим кийип, кара асынма баштык көтөрүп жүргөн.
Милиция кызматкерлери Албина тууралуу маалыматы бар бардык жарандардан 0(553) 102-189, 0(500) 09-99-00, 0(312) 54-41-84 номуру жана 102 кызматына байланышка чыгууну суранат.