7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте 196,2 млн сомдук объект жана жер тилкеси мамлекетке өттү

586

Бишкектин борборундагы 196,2 млн сомдук Тарыхый-маданий мурас объектиси жана жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдирди.

Жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Фрунзе көчөсүндөгү 0,25 га жер тилкесин жана республикалык маанидеги архитектуралык эстелик болгон эки кабаттуу имаратты жеке менчикке мыйзамсыз өткөрүп берүү фактысы аныкталды.

1992 — жылы Москва шаарынын жалпы профсоюздар конфедерациясынын токтому менен Кыргызстан профсоюздар Федерациясынын Кеңешине Фрунзе жана Логвиненко көчөлөрүнүн кесилишиндеги гимнастика боюнча имарат берилген. Кыргызстан профсоюздар федерациясынын жетекчиси Л.В.И. коррупциялык схеманы жеке кызыкчылыгы үчүн уюштурганы, анын жардамы менен жогоруда аталган кыймылсыз мүлктөр Федерациянын ээлигинен мыйзамсыз чыгарылып, белгиленген тартипти бузуу менен жеке компания тарабынан менчиктештирилгени такталган.

Белгиленген жер участогу жана имарат муниципалдык менчикке өткөрүлүп берилди. Мүлктүн жалпы наркы 196 млн 302 миң сомду түзөт. Учурда аталган коррупциялык схемага тиешеси бар кызмат адамдарын жана башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

587