7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Катуу шамалда 16 млн сомдук чыгым болду

246

4-апрелден тартып борбор калаанын аймагында өзгөчө кырдаал режими алынды. Бул тууралуу мэриядан билдирди.

Белгилей кетсек, 28-мартта Бишкектин аймагында ылдамдыгы секундасына 18-26 метрге жеткен катуу шамал катталып, шаардын аймагында өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Жарандык коргонуунун башкаруу органдарынын жетекчилик курамы өз убагында маалымдалып, райондук Жарандык коргонуу боюнча комиссиялар жана Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык кызматтары жер-жерлерде өз багыттары боюнча күчөтүлгөн иштерди жүргүзүштү.

Бишкекте катуу шамалдан 10 киши жабыркады. 144 бак кулап, 13 унаа жабыркаган. 101 объекттин, анын ичинде 37 социалдык, 54 турак үйдүн жана башка объекттердин чатыры бузулган. 4 участокто троллейбус линиялары бузулуп, 10 участокто сырткы жарык берүү линиялары үзүлгөн.

Өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу үчүн «Тазалык» муниципалдык ишканасына 31 атайын техника жана 143 кызматкер тартылган, «Бишкекжашылкурулуш» муниципалдык ишканасынан 21 атайын техника тартылган. Ошондой эле жоюу үчүн Чыгыш РЭСтин 12 бригадасы, Түндүк РЭСтин 10 бригадасы тартылган.

Бишкек шаарынын мэриясынын райондорундагы Жарандык коргонуу боюнча комиссиялардын иштеринин жыйынтыгы боюнча келтирилген зыян болжолдуу түрдө 16 млн 749 миң 923 сомду түздү.

247