Милициянын кайгуул кызматы адам уурдоого шектүү жарандарды аныктады.
Маалыматка ылайык 5-майда болжол менен саат 14:40 чамасында Бишкек ШИИББнин «102» кызматына 2000-жылы туулган А.А. аттуу жаран жардам сурап жатат деген маалымат келип түшкөн.
Айтылган дарекке кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда, 4-май күнү болжол менен саат 18:00 чамасында 2000-жылы туулган А.А. аттуу жаранды чала тааныш болгон 8-9 балдар Байтик-Баатыр көчөсүнөн БМВ Е60 үлгүсүндөгү авто унаага эркине каршы салып кетишип, эртеси күнү 5-майга чейин саат 14:00 гө чейин үйдө кармап, коркутуу жолу менен чоң суммадагы акча талап кылышкан.
Ыкчам кармоо иш-чараларынын негизинде кылмыш изи суй электе кылмышка шектүү катары 1994-жылы туулган П. А. жана 1993-жылы туулган Ж. А. аттуу жарандар кармалышып, Биринчи май районундук ИИБнын Тергөө кызматына өткөрүп беришкен.
Бул факты Биринчи май райондук ИИБ тарабынан Кылмыштардын бирдиктүү реестринде катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.