7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Каракол эл аралык аэропортунун жаңы аэровокзалы 2023-жылдын аягында бүткөрүлөт (ФОТО)

770

Садыр Жапаров бүгүн, 7-майда Ысык-Көл облусуна жумушчу сапарынын алкагында «Каракол» эл аралык аэропортунун жаңы аэровокзалынын курулушуна капсула салды, ал 2023-жылдын соңунда пайдаланууга берилмекчи. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчыга маалымдалгандай, учурда «Каракол» эл аралык аэропортунун аэродромунда 2000×35 м өлчөмүндөгү бир жасалма учуу тилкеси жана конуу тилкесин перрон менен байланыштырган тилке жолдор бар.

Маалым болгондой, Министрлер кабинетинин токтому менен аэропортторду жана аэровокзал комплекстерин реконструкциялоо жана модернизациялоо боюнча иш-чаралар планы бекитилген.

Атап айтканда, иш-чаралар планында «Каракол» эл аралык аэропорту боюнча иштер: жасалма учуу тилкесин 400 метрге узартуу менен «Каракол» аэродромунун элементтерин реконструкциялоо, ошондой эле «Каракол» эл аралык аэропортунун терминалдык комплекстин жаңы имаратын куруу каралган. Жаңы терминалдын курулушу Каракол аэропортуна чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Ошентип, эл аралык каттамдар менен жүргүнчүлөрдү кабыл алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Заманбап жүргүнчү инфраструктурасы жана аэропорттун ыңгайлуу жайгашуусу жалпы аймактын социалдык-экономикалык жактан чыңдалышына мүмкүнчүлүк түзөт, кошумча туристтик агымдарды тартууга жардам берет.

Президент Садыр Жапаров «Каракол» эл аралык аэропортунун жаңы терминалынын курулушу боюнча маалыматты угуп, аэродромдорду/аэропортторду куруу жаатындагы иштерди бардык эрежелерге жана эл аралык стандарттардын талаптарына ылайык, өз убагында так жүргүзүүнү тапшырды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

771