7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте 3 жашар кызды уурдоого шектүү эркек киши кармалды

1263

Бишкекте 3 жашар кызды уурдоого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 8-апрелде болжол менен саат 13:36лар чамасында «102» кызматына Горький жана Кулатов көчөлөрүнүн кесилишинен кичинекей кыздын уурдалышы тууралуу маалымат келип түшкөн.

«Айтылган дарекке милициянын кайгуул кызматкерлери жөнөтүлгөн. Окуя болгон жерде 33 жаштагы В.И. аттуу аял жарандык никедеги жолдошу 3 жаштагы кызын «BMW X5» үлгүсүндөгү унаага салып, уурдап кеткенин айткан. Чакыруу менен келген милициянын кайгуул кызматкерлери ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, кылмышка шектүү катары 39 жаштагы Ш.Ф.аттуу жаранды кармашкан. Шектүү Октябрь райондук милициясынын тергөө кызматына өткөрүлүп берилди», — деп берилет маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1264