7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте 30 жаштагы жаран 49 жаштагы аялды муунтуп өлтүрдү. Окуянын чоо-жайы

1190

Бишкек шаарында адам өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 3-сентябрь күнү эртең менен милицияга Көк-Жар конушундагы үйдө зомбулук менен өлтүрүлгөн аял кишинин сөөгү табылганы тууралуу билдирүү келип түшкөн. Айтылган дарекке ыкчам тергөө тобу барып, маркумдун өздүгүн аныкташкан. Ал 1972-жылы туулган М.З. экени белгилүү болду.

Бул факт Жазык кодексинин 130-беренеси (Адам өлтүрүү) менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Октябрь РИИБдин №4 шаардык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери кылмыштын изи сууй электе шектүүнү — 1991-жылы туулган И.Э.ни кармашты. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Сурак учурунда шектүү окуя болгон күнү мас болгонун, маркум менен уруша кетип, аны катуу буюм менен муунтуп салганын айткан. Учурда тергөө уланууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1191