Бишкекте 59 жаштагы эркек кишинин жансыз денеси табылганын ӨКМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, жерине 4 куткаруучу тартылып, Бишкектеги Октябрь районунун Табалдиев көчөсүндө жайгашкан үйдүн 39-батиринин бекилип калган эшигин ачышкан.
«Батирдин ичинен 1963-жылы туулган Б.С.И аттуу эркек кишинин жансыз денеси табылып, ИИМдин кызматкерлерине жана туугандарына өткөрүп берилди»,-деп берилет билдирүүдө.