7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте 9-майдан тарта ысык суу бериле баштайт

251

Бишкекте 9-майдан тарта ысык суу бериле баштайт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, «Бишкекжылуулуктармагы» муниципалдык ишканасы шаарды ысык суу менен камсыздоо үчүн колдонулган жылуулук тармактарында оңдоо жана калыбына келтирүү иштерин аяктады.

8-майда ишкананын адистери системаны муздак суу менен этап-этабы менен толтуруу жана ысык суу менен камсыздоону ишке киргизүүгө даярдык көрүүнү башташат.

Ысык суу алгач шаардын борбордук бөлүгүнө берилет. Андан кийин түштүк кичи райондорго жана системанын башка бөлүктөрүнө акырындык менен берилет.

«Бишкекжылуулуктармагы» ишканасы тургундарга жылуулук тармагынан ысык суу менен камсыздоо калыбына келтирилгенде, крандарын текшерип, жабууларын суранат.

252