7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте Абсамат Масалиевдин 90 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өттү

766

Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда Кыргыз Республикасынын Баатыры, мамлекеттик жана саясий ишмер Абсамат Масалиевдин 90 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өттү. Ага президент Садыр Жапаров, министрлер кабинетинин мүчөлөрү, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган депутаттар, көрүнүктүү коомдук жана саясий ишмерлер катышты.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров быйыл “Абсамат Масалиевдин 90 жылдыгын майрамдоо жөнүндөгү» жарлыкка кол койгон. Мындан улам өлкөнүн аймактарында улуу инсандын 90 жылдыгына карата иш-чаралар байма-бай өткөрүлүп жатат.

Мамлекеттик жана коомдук ишмер Абсамат Масалиев 1933-жылы 10-апрелде азыркы Баткен облусунун Кадамжай районундагы Алыш кыштагында туулган.

Ал СССР Жогорку Советинин үч, Кыргыз ССР Жогорку Советинин беш жолку чакырылыштарынын депутаты. «Манас II», эки жолу «Эмгек Кызыл-Туу» ордендери менен сыйланган.

2004-жылдын 31-июлунда 71 жашында дүйнөдөн кайткан. Маркумдун сөөгү Бишкектеги “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлган.

767