7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент: Абсамат Масалиевдин ысымы ар бир кыргызстандыктын жүрөгүндө

381

“Абсамат Масалиевдин ысымы ар бир кыргызстандыктын жүрөгүндө тазалык менен аруулуктун, абийир менен ар-намыстын, элге адилет кызмат кылуунун символу катары сакталып калат”, — деп президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Баатыры, көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер Абсамат Масалиевдин 90 жылдык мааракесине арналган иш-чарада сүйлөп жатып, белгиледи.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө төмөнкүлөрдү айтты:

“Урматтуу мекендештер!

Кадырлуу калайык-калк!

Бүгүнкү салтанаттын кымбаттуу катышуучулары!

“Тарыхы болбой эл болбойт, тамыры болбой жер болбойт” деген накыл кеп бар улуу элибизде. Кудайга миң мертебе шүгүр, үч миң жылдан ашуун тарыхыбыз да бар, тамырыбыз да бар. Мына бүгүн күндө элдүүлүгүбүз да, эгемендигибиз да бар. Биз ошол кылымдарды карыткан тарыхыбызды, мамлекеттүүлүгүбүздүн тарых бүктөмдөрүнө кирип, сиңип жок болуп кетүүсүнө жол бербеген ата-бабаларыбызды эскерип, ар жылы 7-8-ноябрь күндөрү расмий түрдө белгилеп, аларга башыбызды ийип таазим кылып келебиз. Себеби ошол тарых-таржымал менен байтүп мамлекеттин келечеги калыптанат, андан ары өнүгүп-өсөт, ошол ата-бабалардын баскан изи, калтырган мурасы келечегибизге шам чырак болуп берет.

Мына ошондой аталарыбыздын жолун улаган, бүткүл өмүрүн өз элинин келечегине арнаган асыл инсандарыбыздын бири, Кыргыз Республикасынын Баатыры, көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер, маркум Абсамат Масалиевичти эскерип, анын 90 жылдык мааракесин жамы журтубуз менен бирге белгилеп отурабыз.

Жети дубан эли бар Кыргызстандын береги Баткен чөлкөмүнөн мурда-кийин ар заманда жалпы журтка төбөсү тегиз көрүнүп, кыйынчылык кезеңде туу көтөрүп, намыс алган атуулдар арбын чыккан.

Буга кылымдардын кыйырын кырча басып келаткан карт тарых өзү күбө: Нур молдо, Молдо Нияз, Шамат шаа, «Полотхан» деген каймана ат менен XIX кылымдын экинчи жарымында бүтүндөй Фергана өрөөнүн бийлеп турган Исхак Асан уулу, алардан кийин Абдыкадыр Орозбеков, Исхак Раззаков, Төрөбай Кулатов өңдүү ысымдары калың элдин катмарына аттын кашкасындай таанымал инсандарыбыз өткөн.

Мына ушундай кыргыз элинин кызыкчылыгын көздөгөн уулдарды берген Баткен жергеси бүгүн биз сөз кылып жаткан, жөнөкөйлүгү, мекенчилдиги менен таанымал Абсамат Масалиевди да берген.

Кыргыз Республикасынын Баатыры, мамлекеттик жана коомдук ишмер, улуу устат, таасын саясатчы, биз терең урматтаган агабыз – Абсамат Масалиевдин көзү өтсө да, анын өрнөктүү өмүрү бүгүн да уланып, бүгүн да даңкталып-даңазаланып отурат.

Ал катардагы шахта кызматкеринен мамлекет башчысына чейинки ары ардактуу, ары жоопкерчиликтүү жолду басып өттү.

Бир чети замандаш, бир чети кесиптеш болуп, партиялык кызмат чөйрөсүндө чогуу иштегендер аны тоо-кен өнөр жай тармагынын бирден-бир мыкты адиси, катаал жолдо такшалган партиялык жетекчи, караламан калктын калың катмарына жакын адам, ашыкча дөөлөт, байлык күтпөгөн, принципиалдуу, кара кылды как жарган чынчыл атуул болгонун баса айтуу менен, абдан урматтап эскерип келишет. Алардын айрымдары мына бүгүн арабызда отурасыздар.

Абсамат Масалиевтин Компартиянын Борбордук комитинин биринчи секретары, КПСС БКнын Саясий бюросунун мүчөсү, Жогорку Советтин Төрагасы, СССР Жогорку Советинин Президиумунун мүчөсү болуп турган учур, көбүңүздөр жакшы билесиздер, өтө татаал, өтө катаал эки доордун тогошуп жаткан кези болчу. Мына ушундай ары кооптуу, ары жооптуу кырдаалда да Абсамат Масалиев салабатынан жазбай, саясий кыраакылыгы менен эл көйгөйүн илгиртпей түшүнүп, көптөгөн кыйынчылыктарды алдын ала көрө билген.

Масалиевдин ишмердиги кайра куруу дооруна туш келип, кийин совет бийлиги кулагандан кийин Кыргызстан эгемендигин алып, менчиктештирүү башталганда ошол жерде эл кызыкчылыгын эске алууга катуу үндөгөн, “калпыстык болуп кетпесин, байлык тең бөлүнсүн, бай-кедей болуп бөлүнүүгө жол бербейли” деген философияны бекем карманган. Ал эми парламентарий катары өзүн көрсөтүп, кен байлыктарды таратууда болобу, менчиктештирүүдө болобу, кандай гана олуттуу маселеде болбосун, жалпы кыргыз калкынын калың катмарынын кызыкчылыгы эске алынышы керек деп ураан чакырып турган.

Баса белгилеп айта кетүүчү сөз, Абсамат Масалиевдин тушунда 1989-жылдын 23-сентябрында Кыргызстанда кыргыз тилинин мамлекеттик тил катары атайын мыйзамдын кабыл алынышы тарыхый мааниси бар окуя болгондугун эч ким тана албайт. Мына ошол Жогорку Советтин жыйынындагы тарыхый окуяда Абсамат ага “Мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзамды кабыл алууга бардык негиз бар экенин айтып, кыргыз тилинин кабыл алынышы менен эл чарбасы бир топ жакшы адистерден кол жууйт дегендей болбогон шылтоолорду четке каккандыгы азыр да жалпы журтка кеңири маалым.

Ал эми Жогорку Советтин Төрагасы болуп иштеп турган маалда өз тагдырын эл тагдыры менен өзөктөш караган кыргыз парламентинин тарыхындагы эң жаркын атуулдардын башында турган. Ошол сыноого салган мезгилдер аны чындап чыйралтып, качан, кайда, кандай кызматтарда турбасын, жан дилин төшөп иштей турган чыныгы мамлекеттик кызматкер болгонун аны тааныгандардын баары айтып, эскерип келишет.

Абсамат Масалиев, айрыкча, Исхак Раззаковду пир тутар эле дейт анын санаалаштары. Раззаковдун терең ойчул, жетик жетекчи, таасын айтып так жүргөн кыраакы саясатчы экенин, кыскасы анын уңгулуу касиеттерин урматтоо менен уулуна Исхак деген ысымды ыйгарган экен.

Ага болгон күчтүү сый-урматы менен Абсамат аке өмүрүнүн аягына чейин Исхак Раззаков атындагы фондду жетектеп турган.

Абсамат аганы туу тутуп, анын жолун улаган жүздөгөн шакирттери өлкөнүн баардык аймактарында үзүрлүү иштеп келишкен. Муну менен Абсамат Масалиев улуу устат болгонун так кесе айта алабыз.

Жогоруда белгилегенибиздей, катардагы шахта кызматкеринен мамлекет башчысына чейинки жолду өткөөл мезгил кыйынчылыктарына карабай басып өтүү менен Кыргызстандын өнүгүп -өсүп кетишине бараандуу салым кошо алды. Кыргызстанды жетектеп турган жылдары экономиканын бардык тармактарында туруктуу өсүштөр болгон. Курулуш тармагы жанданган, натыйжада көптөгөн мектептер жана башка социалдык объекттер курулган. Таш-Көмүрдөгү жарым өткөргүчтөр заводу курула баштаган.

Ошентип өзүн тажырыйбалуу адис, ишбилги жетекчи, акылман адам катары өз элинин келечегине, кийинки муундардын бакубат жашоо-турмушу үчүн ак кызматын арнаган.

Мамлекеттүүлүк демекчи, эмдиги жылы элибизди бирдиктүү бир улутка бириктирүү процесстерин тездеткен Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдык мааракесин мамлекеттик деңгээлде белгилейбиз. Буга ылайык, “Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилөө жөнүндө” Жарлыкка кол койдум. Биз, кийинки урпактар, басып өткөн тарыхыбызда кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн кайра жаралуусун, анын түптөлүшүнүн оңойго турбаганын сөзсүз билишибиз зарыл!

Урматтуу кыргызстандыктар!

Учурунда залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматов: “Өткөндү эстеп, келечекти күтө билгендигибиз үчүн биз барбыз”, — деп таасын белгилеген экен. Анын сыңарындай, Абсамат ага өңдүү кыргыз элинин чыгаан уулдарын эскерип туруу – биз үчүн атуулдук милдет болсо, жаңы муун үчүн маанилүү сабак. Ал кишинин басып өткөн байсалдуу жолу менен өрнөктүү өмүрүн изилдөө аркылуу дагы далай сабактарды алабыз деп ишенем. Абсамат Масалиевдин ысымы ар бир кыргызстандыктын жүрөгүндө тазалык менен аруулуктун, абийир менен ар-намыстын, элге адилет кызмат кылуунун символу катары сакталып калат.

Дагы бир жолу, Абсамат агабызга башыбызды ийип, таазим этебиз.

Кыргыз элинде Абсамат Масалиевдей адамгерчиликтин бийик үлгүсү болгон жөнөкөйлүктү туу туткан, ишине так улуу инсандар чыга берсин!

Ата Мекенибизде ар дайым өнүгүү болуп, мамлекетибиз күчтүү мамлекетке айлансын!”.

 

382