Бишкекте адам уурдоого шектүү кылмыштуу топ кармалганын ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Билдирүүгө ылайык, ушул жылдын май айында Бишкек шаарынын аймагында бир нече белгисиз кишилер 28 жаштагы жергиликтүү тургунду күч колдонуу менен “Тойота” үлгүсүндөгү унаага салып, ээн жерге алып кетишкен. Алар жабырлануучуну коркутуп ишкерден 50 000 сом өлчөмдөгү акча каражатын тартып алышкан.
Андан соң бир нече күндөн кийин калган акчаны таап бер деген шарт менен жабырлануучуну коё беришкен.
Жогорудагы факт Кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш жаза Кодексинин “ Адам уурдоо” 165-беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө аракеттери башталган.
Иш чаранын жүрүшүндө Ысык-Көл облусунда 1995-жылы туулган А.А., Чүй облусунун Жайыл районунда 1995-жылы туулган Б.М., Талас облусунда туулган 1995-жылы туулган О.М. жана Нарын облусунда 2003-жылы туулган Ш.Ж. аттуу шектүүлөр кармалды.
Шектүүлөрдүн экөөсү ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары каттоодо турган.
Аларга таандык эки автоунааны тинтүү учурунда «Макаров» тапанчасынын базасында жазалган травматикалык тапанча, 3 даана бычак, ошондой эле «Toyota», «Volkswagen Golf III», «Volkswagen Passat», «BMW 525» транспорттук каражаттарынын техникалык паспорттору жана эки мамлекеттик номердик белги табылып алынган.
Азыркы учурда мындан аркы ыкчам иликтөө жана тергөө амалдары жүрүүдө.