Бишкек-Ош унаа жолундагы жол кырсыктан 3 адам каза болду. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 11-майда Ош облусунун Өзгөн районунан өтүүчү Бишкек – Ош унаа жолунун 595-чакырымынын Toyota land Cruiser жана Daewoo Matiz үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган.
Жол кырсыгынын кесептинен Матиз унаасынын айдоочусу көз жумду. Анын 2016-жылы туулган уулу, 2017-жылы туулган кызы ооруканада каза болушту. Ал оор жаракат алган жарандар тез жардам кызматы аркылуу ооруканага жеткирилген.
Белгилей кетсек, буга чейин аталган жол кырсыктан бир адам каза болгонун ӨКМдин басма сөз кызматы билдирген болчу.