7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте алдамчылык менен шектелген жаран кармалды

799

 

Бишкекте алдамчылык менен шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук ИИБнин маалымат-кызматы билдирди.

2018-жылдын апрелинен 2019-жылдын февралына чейинки аралыктарда шектү аял бизнес ачып берүүгө убада кылып шаар тургундарынан 16 миң доллар суммасындагы акча алган. Бирок кийин сөзүндө турбастан жашырынып, жок болуп кеткен.

Алданган жаран 2020-жылдын ноябрь айында милицияга кайрылып, бул факт 204-берене менен («Алдамчылык») кылмыш жана жаза бирдиктүу реестрине катталган.

Октябрь райондук милициясынын опер кызматы 1982-жылы туулган Ш.М. аттуу жаранды кармашты. Кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында аял эки айга камакка алынган.

Кармалган жарандын башка ушул сыяктуу кылмыштарга тиешеси бардыгы аныкталган. Милиция башка да жабырлануучулар бар экендигин айтат. Ушуга байланыштуу жабыркагандар же кандайдыр бир маалыматка ээ болгондор төмөнкү номурларга кайрылсаңвздар болот: 0(708) 06-49-26, 0(704) 45-99-99 жана 102.

800