7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Автобус менен троллейбустарда жол кире накталай төлөнсө 25 сом болот

894

1-ноябрдан тарта Бишкектеги автобус менен троллейбустарда накталай төлөм системасы киргизилет. Бул тууралуу вице-мэр Максатбек Сазыкулов билдирди.

«Автобус менен троллейбустарда жол кире накталай төлөнсө 25 сом болот, ал эми накталай эмес төлөмдө (карточка) 11 сом бойдон калат. Маршруткаларга жол кире мурункудай 15 сом болот», — деди ал.

Сазыкулов муну менен элди накталай эмес төлөм системасына көндүрүү мерчемделип жатканын айтып, анда канча жүргүнчү каттаганы, канча акча айланып жатканы так көрүнөрүн кошумчалаган. Ошондой эле накталай эмес төлөмдүн арты менен айдоочулардын айлыгы да жогорулаганын, январдан тарта маянаны дагы көтөрүү маселеси каралып жатканын белгиледи.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

895