Көлдүн акваториясында балыктар урук чачуу мезгилинде мыйзамсыз балык уулаган жергиликтүү тургун кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБ билдирди.
Маалыматка ылайык, балыктар урук чачуу маанилүү мезгилде мүмкүн болушунча көп балык кармагысы келген бир нече браконьерлер аныкталды. 26-октябрдан 27-октябрга караган түнү Түптө жайгашкан Николаевка булуңунда рейд жүргүзүү учурунда мыйзамсыз балык уулап жаткан жеринен Түп айылынын тургуну 38 жаштагы М.Т. кармалды. Кармалган жарандан далил зат катары резина кайык, 8 даана синтетикалык балык уулоочу тор жана 129 даана мыйзамсыз кармалган «Сига-Лудога» балыктары алынды.
“Аныкталган факт Түп РИИБдин маалыматтарды катоо электрондук журналында катталды. Юридикалык баа берүү жана материалдык зыянды аныктоо үчүн чогултулган материалдар райондук милициянын тергөө кызматына жана тиешелүү мамлекеттик органдарга өткөрүлүп берилди” – деп айтылат маалыматта.
Аталган иш-чарага жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлдөө министрлигинин аймактык башкармалыгынын, ошондой эле жергиликтүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү дагы тартылган.