Жалал-Абад шаарында кызамык оорусуна байланыштуу эки мектеп онлайн окутууга өткөрүлдү. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн маалымдашты.
Белгилей кетсек, Республикалык иммунопрофилактика борборунун 28-октябрга карата берген маалыматы боюнча, жыл башынан бери 2316 адамдан кызамык оорусу аныкталган.