7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте балдар арасында марафон өтөт

241

20-июнда Бишкектеги Т. Усубалиев атындагы аянтта жыл сайын өткөрүлүүчү эл аралык Olympic Day спорттук майрамы өтөт. Бул тууралуу мэриядан билдирди.

Иш-чарага 11 жаштан 14 жашка чейинки 500гө жакын бала, спорттук федерациялардын өкүлдөрү, ыктыярчылар, шаар тургундары жана борбор калаанын коноктору катышат. Анда 500 метр аралыкка жарыш уюштурулат.

Чуркоо багыты Абдымомунов, Орозбеков, Раззаков жана Рыскулов көчөлөрүнүн айланасын камтыйт. Спорттук иш-чарага байланыштуу саат 08:00дөн 14:00гө чейин жарыш өтө турган көчөлөрдө унаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилет.

242