7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте бир мандаттуу округдан кайра шайлоо дайындалды

436

Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалды
президент Садыр Жапаров «№ 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

№ 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Абиров Жаныбек Болотбековичтин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулгандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктун, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 59, 65-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылынат:

№ 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жетинчи чакырылышынын депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2023-жылдын 28-майына, жекшембиге дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык шайлоону өткөрүүнү уюштурсун.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
1) шайлоону өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы тарабынан бекитилген чыгымдардын сметасына ылайык зарыл болгон финансылык каражаттарды бөлсүн;

2) шайлоо процессинде колдонулуучу маалыматтык электрондук системалардын киберкоопсуздугун, электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу маалыматтарды алмашууну, мыйзамдарда аныкталган маалыматтарды берүү процесстерин жүргүзүү үчүн үзгүлтүксүз жана коопсуз байланыш каналдарын, Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестринин негизинде шайлоочулардын тизмесин түзүүнү жана анын маалыматтарын актуалдаштырууну камсыз кылууда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына көмөк көрсөтсүн;

3) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүнү жөнгө салуучу мыйзамдардан келип чыгуучу башка иш-чараларды белгиленген тартипте ишке ашырууну камсыз кылсын.

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы шайлоого даярдык көрүүдө жана өткөрүүдө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын сакталышын камсыз кылсын.

5. Бишкек шаарынын мэри шайлоого даярдык көрүүдө жана өткөрүүдө шайлоочулардын тизмесин түзүү, тактоо, уюштуруучулук жана материалдык-техникалык маселелерди чечүү боюнча тиешелүү аткаруу органдарынын жана шайлоо комиссияларынын ишине көмөк көрсөтсүн.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

437