Ырчы Малика Дина Баку шаарында өткөн «Global Repuation Awards» эл аралык сыйлык тапшыруу аземинде «The celebrity singer of the Asia» номинациясын жеңип алды. Мындай маалыматты Маданият министрлигине Малика Дина өзү кабарлаган.
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, номинацияга ээ болуп, сыйлык алгандардын арасында кыргыз ырчысы Малика Динадан тышкары өзбекстандык ишкер айым Луиза Шарахметова, түркиялык жазуучусу Эндер Сарач, түрк зергер буюмдарынын брендинин негиздөөчүсү Мюге Онаг, өзбек актрисасы Асоль Шодиева жана башкалар бар.
Бул сынак бизнес дүйнөсүндөгү глобалдык кызматташтык идеяларын бириктирген долбоор. Негизги максаты — бул тармакта жогорку натыйжалары менен айырмаланган адамдарды бири-бири менен жакындан тааныштыруу жана алардын иш-аракетин колдоо жана баалоо болуп саналат.
Иш-чара дүйнөнүн белгилүү бренддеринин негиздөөчүлөрү, ошондой эле бул чөйрөдө добуш берүүгө укугу бар белгилүү инсандардын катышуусунда өттү.