7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте «Чектөөсүз спорт» пара марафону өттү (ФОТО)

356

Бүгүн, 15-ноябрь күнү, Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн «Чектөөсүз спорт» пара марафону өткөрүлдү.

Бул иш-чара Кыргызстандын Олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы, Кыргызстан улуттук паралимпиадалык комитети, жеңил атлетика федерациясы жана дүйнөлүк марафон дирекциясы тарабынан уюштурулду.

Марафондун негизги максаты — сергек жашоо образын жайылтуу, коомчулукту спортко активдүү катышууга чакыруу жана эл аралык спорттук байланыштарды чыңдоо. Ошондой эле, бул иш-чара инклюзивдүү спортту колдоого багытталып, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн физикалык мүмкүнчүлүктөрүнө карабастан, спорттук атаандаштыкта бирдей шарттарды түзүүнү көздөйт.

Пара марафондо спортчулар жеңил атлетика, мас-рестлинг, пара армрестлинг, шахмат жана жаа атуу сыяктуу спорт түрлөрү боюнча мелдешишти.

Иш-чарага өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген спорт сүйүүчүлөр өз күчүн сынашты. Катышкан бардык спортчуларга сыйлыктар тапшырылды.

357