7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте дагы 250дөн ашык сойку кыздар аныкталды

821

30-ноябрдан бери Бишкек шаарында “Көпөлөк” аттуу профилактикалык иш-чара өтүүдө. Бул тууралуу Бишкек ШИИББден билдиришти.

Маалыматка ылайык, алгачкы үч күндө борбор калаанын милиция кызматкерлери болжолдуу түрдө интимдик кызмат көрсөткөн кыздар иштей турган сауна, мейманкана жана ижарага алынган батирлерди текшеришти. Аткарылган иштердин жүрүшүндө милиция 250дөн ашык кызды аныктады, алардын ичинен 8 жашы жете элек. Аларга 10 кылмыш иши козголгон жана 2 кылмыш иши боюнча шектүүлөр Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Мындан тышкары, укук бузууларды жасагандыгы үчүн 11 кыз соттун чечими менен Кыргыз Республикасынын  Укук бузуулар кодексинин беренелерине ылайык административдик жоопкерчиликке тартылып, Бишкек ШИИББнын атайын кабыл алуучу жайына киргизилди.

Бүгүнкү күндө козголгон кылмыш иштеринин алкагында милиция кызматкерлери тарабынан тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Анын жүрүшүндө 60тан ашык сауна, массаж бөлмөлөрү, мейманканалар аныкталып, администраторлор жана ээлери суракка чакырылып, кылмыш жоопкерчилиги эскертилген. Ошондой эле, ар кандай мессенджерлерде мурда түзүлгөн топтор жана жамааттардын катышуучулары социалдык жоопкерчилиги төмөн кыздар экени аныкталган.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

822