Бишкек шаарында курч кармаган ичеги-карын инфекциясы көбөйгөнү байкалууда. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, беш ай ичинде ичеги-карын инфекциясына 799 киши кабылган, былтыр ооругандар 600 болчу. Илдет 29,9 пайызга өскөнү белгиленет.
Ошондой эле этиологиясы белгисиз энтериттин 723 учуру катталды. 2020-жылы 518 адамда аныкталган, натыйжада быйыл 34 пайызга жогорулады.
«Курч дизентерия оорусу 40 пайызга өскөн. Аны менен көбүнчө эки жашка чейинки балдар оорушат. Буга баланы караган ата-эненин жеке гигиенаны сактабагандыгы, тамак-ашты туура эмес сактап, колдонгону себеп. Оорулардын көбү калаанын конуштарында катталууда. Ошондой эле акыркы жумада Шаардык балдар клиникалык тез жардам ооруканасында ичеги-карын инфекциясынын белгилери менен бөбөктөр көбөйдү», — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, шаардык саламаттык сактоо башкармалыгы калаадагы жугуштуу оорулардын учурдагы абалы боюнча кеңешме өткөргөн. Жыйынтыгында Үй-бүлөлүк медицина борборлорундагы тиешелүү пунктулардын ишин күчөтүү, курч ичеги-карын инфекциясын алдын алуу жана жеке гигиена боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырмасы берилген.
Мэрия шаардыктарды өз алдынча дарыланбай ооруканага кайрылууну эскертти.