Бишкек шаарынын Интергельпо жана Дмитров көчөлөрүнүн кесилишинде эркек адамдын жансыз денеси табылган. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери тарабынан каза болгон Р.Н.нын өздүгү такталган. Ал 1971-жылы туулган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пункту (Ден соолукка оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголуп экспертизалар дайындалды.
Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.