Президент бүгүн, 4-октябрда, Өзгөн районунун тургундары менен жолугушууда.
Маалыматка ылайык, өлкө башчы жергиликтүү калкка кыргыз-өзбек мамлекеттик чек ара тилкесиндеги чек ара, ошондой эле «Кемпир-Абад» суу сактагычынын маселелери боюнча кеңири маалымат берүүдө.
Мындан тышкары, жергиликтүү тургундар тарабынан берилген суроолорго жооп берип жатат. Жолугушууга тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери, Жогорку Кеңештин депутаттары катышууда.
«Мамлекет башчысы менен жолугушууга жергиликтүү тургундар киргизилбей жатат делип тарап жаткан маалымат чындыкка дал келбейт. Бардык каалоочулар этап-этабы менен жыйындар залына киргизилүүдө» — деп берилет маалыматта.