7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте жол тосмонун жаңы түрү пайда болду

607

Пилоттук долбоордун алкагында Чүй проспектисинде “Россия” кинотеатрынын маңдайында шлагбаум тибиндеги жол тосмосу пайда болду.

Маалыматка ылайык, бул тосмо Түштүк Кореядан келген “New Pioneer Co., LTD” компаниясы тарабынан “Бишкекасфальтсервис” МИнин жардамы менен орнотулган, узундугу 100 метр, тосмо бышык материал поливинилхлоридден жасалган.

Бул пилоттук аймак жол кыймылынын жана жөө жүргүнчүлөрдүн көптүгүнө байланыштуу шаар жолдорунун ичинен тандалып алынган.

Биринчи Май районунун жол инфраструктурасын өнүктүрүү максатында аталган ишкана менен меморандум түзүлгөн.

Белгилей кетсек, «New Pioneer Co., LTD» Түштүк Кореяда жайгашкан жана аккредитацияланган компания жол капталындагы тосмолорду жана жолдордун огуна орнотулган бөлүүчү тосмолорду, ошондой эле үн өткөрбөй турган тосмолорду чыгарууга адистешкен. Аталган компаниянын продукциялары көптөгөн сыноолордон ийгиликтүү өткөн.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

608