7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте кафесин бир нече кардарларга сатып жиберген кожоюн кармалды

396

Бишкекте кафесин бир нече кардарларга сатып жиберген кожоюн кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 16-декабрда милиция кызматкерлерине Ахунбаев көчөсүндө жайгашкан «Nova» кафесинин кожоюнунун үстүнөн чара көрүү боюнча арыз келип түшкөн.

Арыз ээсинин айтымында, ал мурунураак аталган кафени сатып алган. Ал үчүн ээсине 2 бөлмөлүү батир, 877 миң 800 сомго бааланган 2 даана «Форд Мондео» унаасын жана 3 млн 310 миң сомдук «Мерседес Виано» унаасын берген. Кийинчерээк бул кафени ээси башка адамдарга кайра сатканын билген.

Бул факт Жазык кодексинин 204-беренеси (алдамчылык) менен катталып, Октябрь РИИБдин кызматкерлери тарабынан 1984-жылы туулган К.Д. шектелип кармалды. Ал убактылуу камакка алынып, тергөө уланып жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

397