7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте кайгуул кызматкерлери мектеп окуучуларынын коопсуздугу үчүн иш алып барууда

266

Бишкекте милициянын кайгуул кызматкерлери мектеп окуучуларынын коопсуздугу үчүн мектептерде иш алып барууда. Бүгүн, 18-январда жалпы билим берүүчү орто мектептердин 1- 5- 9- жана 11-класстардын окуучулары күнүмдүк тартипте окуп баштагандыктан, алардын коопсуздугун камсыздоо максатында милициянын кайгуул кызматкерлери Бишкек шаарынын аймагындагы бекитилген мектептерге барып, иш алып барууда. Кызматкерлер мектептин айланасындагы аймактын коомдук коопсуздугун карап, коомдук тартипти орнотуу менен, мектеп окуучуларынын коопсуздугу үчүн, алар эртең менен мектепке келген убакытта жол кыймылынын коопсуздугун камсыздап турууда. Ошондой эле алгачкы класстын окуучуларынын коопсуздугу үчүн, жөө өтмөктөн жана жол чырактан өткөрүү, ата-энелер алгачкы класстын окуучуларын мектепке алып бара жаткан учурда жол тыгынын болтурбоо максатында, мектепке жакын жолдордун кесилиштеринде жол тыгынын кол менен жөнгө салууда. Мындан улам милициянын кайгуул кызматы алгачкы класстардын окуучуларынын ата-энелерине кайрылат. Буга чейин онлайн режиминде окуп, көп убакыт тыныгуу болгондуктан, балдардын мектепке барып келүү маршруттук жолу калыптангыча жаш балдарды чоңдордун коштоосу менен мектепке алып барып, алып келүүнү сунуштайт

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

267