7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте кыз ала качкандар видеого түшүп, бирок дагы эле табыла элек (ВИДЕО)

2646

Биринчи Май РИИБдин басма сөз кызматы Бишкекте кыз уурдалгандыгы боюнча комментарий берди. Алар аны дагы деле табыша элек.

2021-жылы 5-апрелинде саат 07:30да Бишкек ШИИББинин «102» кызматына Тыныстанов жана Медеров көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз үч адам көчөдө өтүп бара жаткан кызды уурдап кетишти деген билдирүү түшкөн.

Ошол замат окуя болгон жерге Биринчи Май РИИБдин тергөө-ыкчам тобу тартылган. Үч белгисиз адам 1994-жылы туулган К.А.ны «Хонда» үлгүсүндөгү унаага салып, белгисиз тарапка айдап кеткендиги жөнүндө алгачкы маалыматтар алынган.

Аталган факт Биринчи Май РИИБнин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринин каттоосуна алынып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин «Адамды никеге туруу максатында уурдоо» беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Учурда кыздын жана аны уурдап кеткен адамдардын жүргөн жерин аныктоо боюнча ыкчам иш-чаралары жүрүп жатат.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи канал | Седьмой канал (@7kanal_official)

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

2647