7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте кыздар кайгуул кызматкерлерине кол салып, ур-тепкиге алышкан

3704

Бишкекте «Ынтымак» паркынын жанында кыздардын тобу кайгуул кызматкерлерине кол салган. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 28-май күнү Ч.Айтматов жана А.Масалиев көчөлөрүнүн кесилишинде жол чырак иштебей, жеринде унаа кыймылын кайгуул кызматкерлери жөнгө салып жаткан.

Айдоочулар кайгуул кызматкерлерине унаа кыймылына тоскоолдук жараткан кайырчыларды жолдон алууну өтүнүшкөн.

Бирок, кайырчылык менен алектенген кыздар аларды укпай, кызматкерлерге кол салып, ур-тепкиге алышкан.

«Кыздар күч колдонбостон Октябрь райондук ички иштер башкармалыгына жеткирилди. Аталган кыздар кайгуул кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбегендиги үчүн протокол толтурулду», — деп берилет билдирүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

3705