7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте маркум Элмирбек Иманалиевди эскерүү кечеси өтөт

388

Кыргыз Республикасынын эл артисти, төкмө акын, жазма акын, обончу, дастанчы, манасчы Элмирбек Иманалиевдин туулган күнүнө карата 17-январда маркумдун шакирттери эскерүү кечесин өткөрөт. Бул тууралуу Элмирбек Иманалиевдин шакирти, «Айтыш» коомдук фондунун төрөгасы Асылбек Маратов жергиликтүү маалымат булактарына билдирди.

Маалыматка ылайык, чоң программадагы концерттик иш-чара Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында саат 18:00дө башталат.

«Устатыбыз өзү түптөп кеткен «Төкмө келсе төр бошот» долбоорундагы шакирттери биригип, агайыбыздын туулган күнүнө карата эскерүү кылганы жатабыз. Концертке белгилүү ырчылар, акындар жана жакындары катышат. Байге коюлбайт, болгону агайдын ырлары ырдалып, көркөм окулат. Ал эми төкмө акындар Элмирбек Иманалиевди эскерип ырдайбыз», — деди Асылбек Маратов.

Белгилей кетсек, жакында эле Элмирбек Иманалиевдин көзү тирүүсүндө жазып жүргөн ырлары «Аманат» аттуу поэтикалык жыйнакка, элге берип жүргөн баталары «Ак таңдагы ак бата» аттуу чакан китепке топтоштурулуп, үй-бүлөсүнүн каржылоосунда басмадан жарык көрдү.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

389