7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте мектептерди капиталдык оңдоо иштери уланууда

623

Бишкекте мектептерди оңдоп-түзөө иштери уланууда, анын ичинде эки имаратты бекемдөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, 360 орунга эсептелген №76 орто мектепте 1-2-кабаттарды демонтаждоо иштери аяктап, ички дубалдарын бетондоо иштери жүрүп жатат. Оңдоо иштерин жүргүзүп жаткан подрядчы «Арай» ЖЧКсы.

 

«Долбоордун кубаттуулугу 380 окуучуга ылайыкталган №10 орто мектепте ички дубалдарын торкеттештирүү жана терезелерин бекемдөө иштери бүткөрүлдү. Бетон куюу иштери жүргүзүлүүдө. (сейсмикалык тилке). Оңдоо иштерин жүргүзүп жаткан подрядчы уюм «Аргын курулуш» ЖЧКсы. Куруучулардын бригадалары жумасына жети күн иштешет, иштин көлөмүнүн өсүшү менен адамдардын саны 100гө, азыр 80ге жетет.

Эки имараттын тең пайдубалы да бекемделет»,-деп берилет билдирүүдө.

 

 

Белгилей кетсек, №76-мектептин дээрлик бир кылымдык тарыхы бар, ал 1926-жылы, ал эми №10-мектеп 1938-жылы курулган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

624