7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте милициядан качып бара жаткан адамды унаа сүзүп кетти

857

Бишкекте милиция кызматкерлеринен качып бара жаткан кишини унаа сүзүп кетип, ооруканага жеткирилген. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кайгуул кызматкерлерине үй бүлөлүк чыр чатак болуп жатат деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке кайгуул кызматкерлери барып, чыр чатак салган жаранды милиция бөлүмүнө алып келет. Ал жерден мас абалын текшерүү үчүн наркология бөлүмүнө жолдомо алып барган учурда мас жаран аялына таарынып, “аялым мага карата арыз жазат дегени эмне, андан көрө өлгөнүм жакшы” деп качып чыгып, жолдогу унаанын астына чыга калган.

Кайра кайгуул кызматкерлери тез жардам кызматын чыкырып, ал келгенче биринчи медициналык жардам көрсөтүп, 4-шаардык ооруканага жөнөтүшкөн.

Азыркы учурда ал жаран кайгуул кызматкерлерине эч кандай арыз доосу жок экендигин билдирген.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

858