7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте окуучуларды мектеп автобустары акысыз ташып баштады

377

Ленин районунун аймагында Новопавловка жана Орок МАБда акысыз мектеп автобустары жүрүп баштады. Бул тууралуу мэриядан билдирди.

Бул аймакта 4 мектеп жана 4 бала бакча жайгашкан. Дача-СУ, Учкун, Учкун-2 айылдарында окуган окуучулардын саны 2000ден ашат. Аталган райондордогу мектептердин жоктугуна байланыштуу окуучулар Манас айылындагы Ат-Башы мектеп-лицейинде 3 — 7,5 чакырым алыс аралыкта билим алышат.

Ленин муниципалдык администрациясы менен «Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканасынын ортосунда мектеп окуучуларын акысыз ташуу боюнча келишим түзүлгөн. Учурда Дача-Су, Учкун жана Учкун-2 аймактарында мектеп окуучуларын эртең мененки саат 07:00дөн кечки 19:00гө чейин акысыз ташуу иштери жүргүзүлүүдө.

378