Жол чийинден өтүп бараткан кишини сүзүп алган айдоочу тез жардамды коштоп бара жатып каза болуп калган. Бул тууралуу Бишкек ШИИББден кабарлашты.
Окуя 28-ноябрь күнү Элебесов — Февраль көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Mercedes-Benz унаасынын айдоочусу жол чийинден 46 жаштагы жаранды сүзүп алган. Жабырлануучу ооруканага жеткирилген.
Ал эми айдоочу өз унаасы менен тез жардамды коштоп бара жатып, Фрунзе жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинен каза болгон.
Учурда экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.