7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте Рыспай Абдыкадыровдун 80 жылдыгына карата иш-чара өттү

969

Кечээ, 12-декабрда обончу жана аткаруучу, Кыргыз ССРнин эмгек сиңирген артисти Рыспай Абдыкадыровдун 80 жылдыгына карата «Ырдын пири Рыспай» аталышындагы иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу жеринен 7-каналдын кабарчысы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чара Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын «Маданият. Тарых. Тил» каналы жана Рыспай Абдыкадыров атындагы клубу менен биргеликте уюштурулган.

Концерттин жүрүшүндө өлкөбүздүн бардык аймактарынан келген өнөр адамдары Рыспай Абдыкадыровдун ырларын чоң сахнада аткарышты.

Белгилей кетсек, Рыспай Абдыкадыров 1941-жылы 12-январда жарык дүйнөгө келген. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, обончу 200дөн ашуун чыгармаларды жараткан.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

970