Кечээ, 12-декабрда обончу жана аткаруучу, Кыргыз ССРнин эмгек сиңирген артисти Рыспай Абдыкадыровдун 80 жылдыгына карата «Ырдын пири Рыспай» аталышындагы иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу жеринен 7-каналдын кабарчысы билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чара Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын «Маданият. Тарых. Тил» каналы жана Рыспай Абдыкадыров атындагы клубу менен биргеликте уюштурулган.
Концерттин жүрүшүндө өлкөбүздүн бардык аймактарынан келген өнөр адамдары Рыспай Абдыкадыровдун ырларын чоң сахнада аткарышты.
Белгилей кетсек, Рыспай Абдыкадыров 1941-жылы 12-январда жарык дүйнөгө келген. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, обончу 200дөн ашуун чыгармаларды жараткан.