Милиция кызматкерлери алдамчылыкка шектелген жаранды кармашты. Бул тууралуу Октябрь РИИБден билдиришти.
22-мартта Октябрь РИИБге жаран арыз менен кайрылып, ушул жылдын февраль айында борбор калаанын 8-кичи районунда алдоо жолу менен анын ишенимине кирип, баасы 100 миң сомдук Sony PlayStation оюн жабдыгын алып, үчүнчү жакка сатып, белгисиз тарапка качып кеткен жаранга чара көрүүнү суранган.
Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектелип, 1994-жылы туулган жаран кармалып, камакка алынган. Сотто бөгөт чарасы каралып, 1 айга СИЗО-1ге камакта калтырылган.