7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент: Апрель элдик революциясында өз өмүрүн арнаган жигиттерибиз бүгүнкү мезгилдин анык баатырлары

636

Президент Садыр Жапаров Апрель элдик революциясынын кезектеги жылдыгына карата Кыргызстан элине кайрылуу жасады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

«Урматтуу мекендештер!

2010-жылдын 7-апрелинде Кыргызстандын келечеги үчүн эч нерседен тайманбаган эр-азаматтарыбыз коррупциялашкан бийликти кулатканы эсиңиздерде.

Апрель элдик революциясынын натыйжасы — мамлекеттин андан аркы өнүгүүсүнө ишенимдүү кадам таштоо менен демократия принциптерин ишке ашыруу болду.

Дегеле Аксы окуясы, Март жана Апрель элдик революциялары саясий жана тарыхый маанилүү окуялардан болуп калды. Дүйнө коомчулугу кыргыз эли жөнүндө көз карашын өзгөртүп, ар-намысы бийик, эркиндик менен акыйкатты сүйгөн эл катары таанып, баалай баштады.

Апрель элдик революциясында кийинки муундардын жаркын жашоосу, бакубат турмушу үчүн өз өмүрлөрүн арнаган жигиттерибиз — бүгүнкү мезгилдин анык баатырлары.

Алардын ажалга тике караган эрдиктери канча мезгил өтсө да элибиздин жүрөгүндө түбөлүккө сакталып, кылым карыткан Кыргызстандын тарыхында ысымдары алтын тамга менен жазылып калары талашсыз.

Урматтуу кыргызстандыктар!

Эркиндик үчүн, акыйкаттык үчүн Апрель баатырларындай кара башын канжыгага байлоого даяр уул-кыздары турганда кыргыз эли адилеттүүлүккө болгон ишениминен ажырап калышы эч мүмкүн эмес.

Калкыбыз аң-сезими өзгөрүп, мындан ары өз тандоосунан тайбай, жаркын келечекке багыт алды.

Аксы окуясын, Март жана Апрель элдик революцияларын терең талдап, алардан сабак алып, элдин эркине каршы келген иш-аракеттерге жол бербейбиз.

2010-жылдын 7-апрелинде курман болгондордун элесине дагы бир ирет таазим!

Элибизде ынтымак, Мекенибизде тынчтык болсун!»,-деди президент кайрылуусунда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

637