7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте Түрк мамлекеттер уюмунун саммити өтөт

430

6-ноябрда Бишкекте Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) кезектеги XI саммити өтөт. Алдыдагы саммиттин темасы — “Түрк дүйнөсүнүн күчтөнүшү: Экономикалык интеграция, туруктуу өнүгүү, санариптик келечек жана бардыгы үчүн коопсуздук” болмокчу. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

“Өлкөлөрдүн лидерлери ТМУнун алкагында көп тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү маселелерин талкуулашат, Уюмдун учурдагы күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча чечимдерди кабыл алышат, ошондой эле бир катар көп тараптуу документтерге, анын ичинде саммиттин жыйынтыктоочу Декларациясына кол коюшат. Саммиттин жыйынтыгы боюнча 2025-жылга Түрк мамлекеттер уюмуна төрагалык кылуу Кыргыз Республикасына өтөт.

Кыргыз Республикасынын Уюмга алдыдагы төрагалыгы мезгилинде мүчө мамлекеттердин ортосундагы байланыштарды чыңдоо, экономикалык өсүш жана региондо жашоо деңгээлин жогорулатуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү боюнча бир катар иш-чараларды өткөрүү пландаштырылган. Саммиттин ишине Уюмга мүчө беш мамлекеттин — Түркия, Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстандын башчылары, ошондой эле Уюмдун байкоочу өлкөлөрүнүн лидерлери катышат”, – деп билдирди Азымбакиев.

431