7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте тоноого шектүү жаран кармалды

317

Бишкекте тоноого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 27-январда болжол менен саат 16:50 чамасында Бишкек ШИИББинин “102” кызматына Жумабеков көчөсүндө жайгашкан дүкөндөрдүн биринде акчамды жана чөнтөк телефонумду тоноп кетишти деген маалымат келип түшкөн.

«Айтылган дарекке милициянын кызматкерлери барып, маалыматты тактаганда 1977-жылы туулган М.С. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда баласы дүкөндө соода кылып жаткан учурда белгисиз жаран кирип келип, аны коркутуп 13 миң 700 сомдук Samsung Galaxy A11 үлгүсүндөгү чөнтөк телефонун жана 900 сом өлчөмүндө акчасын тартып алып качып кеткен. Кылмыш изи сууй электе аталган кылмышка шектүү катары 1991-жылы туулган А.А. аттуу жаран кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилген», — деп жазылат маалыматта.

Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 201-берене (тоноо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

318