7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте “Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик” аттуу республикалык форум өттү

76

4-март күнү Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада Республикалык Ата Жолу коомдук бирикмеси тарабынан “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик, уңгу жолу” аталышындагы республикалык форум өттү.

Иш-чарага өлкөнүн жети дубанынан келген коом активисттери катышып, улуттук баалуулуктарды сактоо, коомдук биримдик жана руханий өнүгүү маселелерин талкуулашты.

Форумга конок катары Президенттин кеңешчиси Марат Иманкулов, Филология илимдеринин доктору, профессор Венера Сайпидин, тележурналист, Маданиятка эмгек сиңирген ишмер Дүйшөк Мамбетөмүров, коомдук ишмер, акын Дүйшөн Батырбеков катышып, улуттук аң-сезим жана маданий мурас тууралуу пикирлерин билдиришти.

Катышуучулар коомдогу ынтымакты бекемдөө жана салт-санааларды сактоо боюнча сунуштарын айтып, жыйын мазмундуу талкуу менен коштолду.

77